КИШЕМИШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:36, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШЕМИШ – Түркстан кырка тоосунан баш­талган суу, Исфаранын оң курамы. Баткен районунда. Узундугу 36 км, суу чогултуучу аймагы 524 км2. Түркстан кырка тоосунун чыгыш учун­дагы мөңгүлөрдөн башталат. Мөңгү, кар суула­рынан куралат. Май–октябрь айларында суусу кирет. Көп жылдык орточо чыгымы 3,19 м3/сек.