КИЧИКУЛ ТУЗ КЕНИ
КИЧИКУЛ ТУЗ КЕНИ Нарын облусунун Жумгал районунда, Чаек кыштагынан 15 км, деңиз деңгээлинен 1900–2100 м бийикте. Неоген мезгилиндеги туздуу свитанын арасында, глауберит минералы бар линза сымал катмарча. Глаубериттүү текте натрий сульфатынын өлчөмү 19,74–24,72%. Катмарчанын калыңдыгы 35–40 м, кээ бир жерде 10,5 мге чейин жукарып, 1700 мге созулуп жатат. Туздуу свита бордуу. Бордун үч оксидинин өлчөмү 0,65%ти түзөт; булак сууларынын кургак калдыгында бордун өлчөмү 48,7–238,1 мг/л. Натрий сульфатын экономикалык арзан ыкма м-н ажыратуу технологиясын иштеп чыкса, кен химиялык өнөр жайдын сырьё базасы боло алат. Тамак-ашка колдонууга жарабайт. Мал жесе болот. Болжолдуу ресурсу 47 миң т.