КИЧИ ӨРҮКТҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ӨРҮКТҮ , И й р и - Ө р ү к т ү – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Кутургу айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Кичи Өрүктү суусунун боюн­да, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Балыкчы –Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен1720 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Түп кыштагынан 30 км батыш тарапта. Ба­лыкчы темир жол бекетинен 161 км. Калкы 1212 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Медпункт, маданият үйү бар.