АБДЫКАРОВ Данияр Сатарбаевич
АБДЫКАРОВ Данияр Сатарбаевич (30. 05. 1975, СССР, Кыргыз ССРи, Ош шаары) – милициянын генерал-майору (2017). 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин Жогорку мектебин бүткөн.

1994–1998-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү, 1998–2001-жылдары КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында ыкчам өкүл, 2001–2016-жылдары Бишкек шаардык, Чүй, Талас облустук ички иштер башкармалыктарында, КР ИИМдин борбордук аппаратында жетекчи кызматтарда, 2016–2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. 2019-жылдан «Манас» аэропортунун Авиациялык коопсуздук жана режим дирекциясынын (DABR) башчысы. «Эрдик» медалы менен сыйланган (2016).