КИЧИ СУУК-ТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ СУУК-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Какшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 6,5 км, аянты 9,0 км2. Ак-Шыйрак суусунун оң куймасы. Жаңарттын алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3840 м бийикте жатат. Этеги бири-бирине улай жаткан бир нече морена жалчасы м-н кур­чалган. «Тилинин» сол четинде кар көчкүлө­рүнүн конустары жатат. Мөңгүдөн Кичи Суук- Төр өзөнү агып чыгып, Жаңарттын оң куйма­сы – Суук-Төргө сол жактан куят.