КИЧИ КЫЗЫЛ-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:00, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КЫЗЫЛ-СУУ – Тескей Ала-Тоонун чы­гыш бөлүгүнүн түндүк капталынан агып түшкөн суу. Ысык-Көлдүн куймасы. Жети-Өгүз районун­да. Узундугу 37 км, алабынын аянты 139 км2. Суу ку­ралуу аянтынын орточо бийиктиги 2930 м. Кичи Кызыл-Сууга узундугу 21 км болгон 9 суу куят. Көп жылдык орточо чыгымы 1,25 м3/сек. Май–сентябрь айларында кирип, октябрь–апрель айларында тартылат. Июль айы сууга мол (орточо чыгымы 3,2 м3/сек), декабрь – февралда сууга өксү (0,4 м3/сек) бо­лот. Эң көп чыгымы 45 м3/сек, эң азы 0,08 м3/сек. Декабрдын ортосунда муз каптап, марттын ая­гында ачылат. Муздун калыңдыгы 25–40 смге жетет. Сугатка пайдаланылат. Кичи Кызыл-Суудан 3 м3/сек­га жакын суу өткөрүүчү 8 канал чыгарылган. Өрөөнүндө Кызыл-Суу кыштагы жайгашкан.