МУЗЫКАЛЫК СТИЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''МУЗЫКАЛЫК СТИЛЬ''' – эстетика жана музыка таануу илиминдеги музыка өнөрүнүн көркөм каражатта...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗЫКАЛЫК СТИЛЬ – эстетика жана музыка таануу илиминдеги музыка өнөрүнүн көркөм каражаттарынын өзгөчөлүгүн аныктоочу түшүнүк. Музыкалык эстетикада стиль түшүнүгү XVI кылымдан тартып колдонула баштаган. XVI–XVII кылымдарда музыкалык стиль жанрдык жана улуттук өзгөчөлүктү мүнөздөсө, XVIII кылымдан музыкалык стиль тарыхый мезгилди мүнөздөгөн кеңири мааниде колдонула баштаган. Музыкалык түшүнүгү өзүнө эстетикалык жана тарыхый жагдайды камтыйт. Эстетикалык жагдайды музыкалык стиль кобүнчө баа берүү, баалоочу (мисалы, жаңылануу жана салтты сактоо, алардын катышын айкалыштырууда композитордун чеберчилигин баалоо жана башка) мүнөздө колдонулат. Тарыхый жагдайда музыкалык стиль мезгилдин өзгөчөлүгүн чагылдырган каражат катары каралат.