МОНОТЕМАТИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:37, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''МОНОТЕМАТИЗМ''' (грекче mono – жалгыз; thema – негизинде коюлган) – музыкалык теманы, жөнөкөйлөтүп...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНОТЕМАТИЗМ (грекче mono – жалгыз; thema – негизинде коюлган) – музыкалык теманы, жөнөкөйлөтүп айтканда, бир обонду түрлөп өзгөртүү аркылуу музыкалык чыгарма жаратуу принциби. Монотематизмди жөнөкөй түзүлүштөгү жалгыз темалуу чыгармалардвн бөлүп кароо зарыл. Монотематизм сонаталык симфониялык циклди жалгыз тема – лейтмотив, лейттема менен бириктирүүдөн келип чыгат. Мындай тема чыгарманын баш жагында пайда болуп, анын башка бөлүмдөрүнө да өзгөрүлгөн (кеңейтилген, кичирейтилген жана башка) түрдө ыраатуу колдонулат. Монотематизм негизинен XIX кылымдын композиторлорунун чыгармаларынан жолугат.