ЛИРИКАЛЫК ТРАГЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:27, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ЛИРИКАЛЫК ТРАГЕДИЯ''' (французча tragedie lyrigue – музыкалык-поэтикалык, тактап айтканда, ырдалуучу...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИРИКАЛЫК ТРАГЕДИЯ (французча tragedie lyrigue – музыкалык-поэтикалык, тактап айтканда, ырдалуучу трагедия) – XVII кылымдын экинчи жарымында Францияда жаралган опера жанры. Лирикалык трагедия негиздөөчүлөрү Ф. Кино, Ж. Б. Люли. Лирикалык трагедия байыркы грек мифтерин, уламыштарын камтыган сюжетке жазылган. Анын негизги идеясы инсандык милдеттин, сүйүүнүн, жек көрүүчүлүктүн ортосундагы карама-каршылыкка негизделген. Лирикалык трагедия XVIII кылымдын аягында өз маанисин жоготкон. Бирок анда колдонулган музыкалык каражаттар, драматургиялык мыйзам ченемдүүлүктөр француз опера өнөрүнүн андан аркы өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн.