ГИДЖАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:27, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ГИДЖАК''', гыджак – тажик, уйгур, өзбек, түркмөн элдерине кеңири тараган жаалуу тартма байыркы...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДЖАК, гыджак – тажик, уйгур, өзбек, түркмөн элдерине кеңири тараган жаалуу тартма байыркы музыкалык аспап. Бир түрү кяманча деп аталып, 2-3 кыл тагылат. Квартага күүлөнөт. Гиджакта жеке ойноо кеңири тараган. Ошондой эле ансамблде да ойнолот. Өзбектердин өркүндөтүлгөн гиджагына 4 кыл тагылат. 20-30 жылда альт, бас, контрабас түркүмдөрүнөн турган оркестр уюштурулган. Алардын баардыгы эл аспаптар оркестринин өзөгүн түзгөн.