ГАСТРОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:24, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Created page with "'''ГАСТРОЛЬ''' (немисче gast – мейман, rolle – роль) – артисттердин элдик шайырлардын же жамааттын тур...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАСТРОЛЬ (немисче gast – мейман, rolle – роль) – артисттердин элдик шайырлардын же жамааттын туруктуу иштеген жеринен башка аймакка, шаарга, облуска, башка өлкөлөргө барып оюн көрсөтүшү. XVIII кылымда, айрыкча XIX кылымдын 2-жарымынан белгилүү актёрлор жекече гастроль менен чыгышкан. Артисттер тобунун керектүү жасалгалар менен гастролго чыгышы XIX кылымдын аяк ченинде башталган. Кыргыз артисттери да гастролдо болушуп элибиздин улуттук музыкасы менен чет элдиктерди тааныштырууда.