ДАРИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАРИК –  алтын монета, Ахемениддер мамлекетинин акча системасы. Дарикте найза менен тизе бүгүп, жаа аткан түрүндөгү падыша сүрөттөлгөн. Салмагы болжол менен 8,4 г, алтындын курамы жогору. 1 дарик 20 шекелге барабар. Дарик Дарий Iнин реформалары учурунда чыгарылган. Дарий IIIнүн тушунда (б. з. ч. 336–330) Ахемениддер державасынын кулашына байланыштуу токтотулган.