АБА ЫРАЙЫН МААЛЫМАТТОО БЮРОСУ
АБА ЫРАЙЫН МААЛЫМАТТОО БЮРОСУ – эл чарбасынын бардык тармактарына жана калкка аба ырайын маалыматтап туруучу мекеме. Учурдагы жана күтүлүүчү аба ырайын кабарлайт, анын чукул өзгөрүшүн (нөшөр, бороон-чапкын, үшүк жүрүү жана башкаларды) шашылыш билдирет.