АБА ЫРАЙЫН БОЛЖОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА ЫРАЙЫН БОЛЖОО, п р о г н о з д о о (гр. prognosis – алдын алуу, билүү) – атмосферадагы процесстерге талдоо жасоонун негизинде аба ырайынын абалын күн мурунтан аныктоо. Абанын өзгөрүшүнө жараша к ы с к а (1–2 күнгө) жана уз а к (3–10 күн, ай, сезон ж-a бир жылга) мөөнөткө байкоо жүргүзүлөт. Аба ырайын болжоо ар бир пункт, трасса (мисалы, авиация үчүн), аймак боюнча аныкталат. Абанын температурасы, күндүн ачык же бүркөктүгү, жаан-чачын, шамал, бороон-чапкын, күн күркүрөө, үшүк жана башка кубулуштар тууралуу маалыматтардын түрүнө карай ж а л п ы жанa кошумча өзгөрүштөрдү билдирүүчү а т а й ы н Аба ырайын болжоо болуп бөлүнөт (мисалы, авиация үчүн күндүн ачыктыгы, булуттун төмөнкү жанa жогорку чектери, шамалдын багыты жанa ылдамдыгы, айыл чарбасы үчүн жаан-чачындын болушу, сууктун түшүшү, үшүк же кургакчылыктын күтүлүшү жана башка, темир жол транспорту үчүн кардын, нөшөр жаандын, борошонун болушу). Болжоо 3 түрлүү: с и н о п т и к а л ы к Аба ырайын болжоо – метеорологиялык станциялар менен жердин жасалма спутниктеринен алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн синоптикалык картаны пайдалануу аркылуу, же р г и л и к т ү ү б е л г и л е р боюнча Аба ырайын болжоо байкоолор жүргүзүлгөн белгилүү бир пункттагы аба ырайынын өзгөрүшүнүн негизинде, с т а т и с т и к а л ы к Аба ырайын болжоо – белгилүү бир жерлердеги аба ырайынын өзгөрүшү, табигый кубулуштар жана аба ырайынын өткөндөгүсү менен алдындагысынын аралыгындагы статистикалык байланышты пайдалануунун негизинде жүргүзүлөт.