КИЧИ КАРА-КУЖУР (ОТТУК) ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КАРА-КУЖУР (ОТТУК) ӨРӨӨНҮ Ортоң­ку Нарын ойдуңунун түндүк тарабында, Кичи Кара- Кужур (Оттук) суусунун алабында жайгашкан. Нарын районунун аймагында. Узундугу 50 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2200–3000 м. Жогорку бөлүгүндө тай­пак грабен өрөөнү; Ак-Таш тоосу м-н Байдулу тоосунун аралыгында кеңдик багытта созулуп жатат (узундугу 15 км); капталдары улам жогорула­ган сайын (чыгышка) айдөш болуп кетет; башы жапыз кайкы аркылуу Солтон-Сары өрөөнү (Он- Арчанын алабы) м-н туташат. Долон ашуусу тушта Байдулу тоосун кесип өткөн антецедент­тик капчыгай (узундугу 5 км). Кара-Үңкүр айылынан төмөн өрөөн (узундугу 20 кмге жакын) бир аз кеңийт (500–600 мге чейин). Төмөн жагында (3 км ара­лыкта) капталдары тик, таманы кууш (100–150 м) антецеденттик өткөөл капчыгайды пай­да кылат. Андан төмөн (10 км аралыкта) тоо этегине чыгат да бир аз кеңейип (500–800 мге чейин), адырлуу тилкеге өтөт. Климаты мелүүн континенттик, январдын орточо температурасы –12°С, июлдуку 11°С. Жылдык жаан-чачыны 350 мм. Суулары: Оттук, Он-Арча ж. б. Негизинен та­лаа ж-а шалбаалуу талаа, бадалдуу карагай то­кою, субальп, альп шалбаалуу талаа, чөл ланд­шафты басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; тө­мөнкү бөлүгүндө арпа, тоют өсүмдүктөрү айда­лат. Өрөөндө Оттук, Казан-Куйган, Кара-Үңкүр кыштактары жайгашкан. Бишкек – Торугарт автомо­биль жолу өтөт.