КИЧИ ЗОНД АРАЛДАРЫ
КИЧИ ЗОНД АРАЛДАРЫ Малайя архипелагынын түштүк бөлүгү, негизинен Индонезиянын курамында. Инди океаны, Бали, Флорес, Банда, Саву, Тимор деңиздери м-н чулганат. Ири аралдары: Бали, Сумба, Сумбава, Флорес, Тимор. Узундуг 1300 кмдей, аянты 128 миң км2. Тоолуу рельеф басымдуу; жанартоолор да көп (бийиктиги 3726 мге чейин, Ринжани жанар тоосу). Климаты субэкватордук, муссондук. Жалбырагы күбүлмө тропиктик токой ж-а саванна өсөт. Шалы, татымал өсүмдүктөр, кокос пальмасы өстүрүлөт; балык кармалат.