КИЧИ ЖАНА ЧОҢ БАРСУК ЧӨЛДӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ЖАНА ЧОҢ БАРСУК ЧӨЛДӨРҮ , Б а р ­с у к ч ө л д ө р ү – Казакстандагы кумдуу чөлдөр. Арал деңизинен түндүктү карай субме­ридиан багытында созулуп жатат. Чоң Барсук­тун узундугу 200 кмдей, Кичи Барсуктуку 100 кмдей. Бийиктиги 100 мге чейин. Кум сапырылып учуп, дөбө, жалча, бархандарды пайда кылат. Тегиз жерлеринде ксерофиттүү бадалдар, баялыш ж-а эфемер өсүмдүктөрү, дөбө, жалчаларынын ара­лыгында жузгун, кум акациясы, кандыма ж. б. өсөт.