КИЧИ БҮРГӨНДҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ БҮРГӨНДҮ – Жалал-Абад облусунун Ноо­кен районундагы кыштак. Бүргөндү айыл округу­на караштуу. Кишен суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 560 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Масы кыштагынан 21 км батыш тарапта. Үч- Коргон темир жол бекетинен 27 км. Калкы 1812 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Кыштак аркылуу «Достук» сугат кана­лы өтөт.