КИЧИ БҮЛӨӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ БҮЛӨӨЛҮ – Ош облусунун Алай районунда­гы кыштак. Бүлөөлү айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 2120 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Гүлчө кыштагынан 38 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 120 км. Калкы 976 (2022); негизинен мал м-н алекте­нет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, клуб, ФАП бар.