КИЧИ АЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:11, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ А́ЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ Кичи Азия жарым аралынан орун алган, Түркияда. Узундугу 1200 кмдей, туурасы 600 кмге чейин. Басымдуу бийиктиги 800–1500 м. Ички бөлүгүн Анадолу бөксө тоосу, түндүгүн Понт тоолору, түштүгүн Тавр тооло­ру ээлейт. Эң бийик жери 3916 м (Эржияс жа­нартоосу). Чыгышынан Армян тайпак тоосуна, батышында Кичи Азия жарым аралынын батыш бөлү­гүндөгү кырка тоолорго өтөт. Ички аймакта­рында жарым чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү ба­сымдуу, тоолордун сыртка караган капталда­рында токой ж-а жер ортолук деңиздик бадал­дар өсөт.