КИТС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТС Жон (31. 10. 1795, Лондон – 23. 2. 1821, Рим) – англиялык акын. Романтикалык лириканын ири чебери, англис ж-а европа адабиятында эсте­тизмдин баштоочуларынын бири. Туңгуч ырлар жыйнагы 1817-жылы жарык көргөн. Ал «Энди­мион» (1918) аттуу патриархалдык-утопиялык идиллиясында пуритандык митаам такыбасы­нуулукка каршы нааразылык билдирет. Китс – табияттын кооздугуна арналган «Күзгө», «Пси­хеяга» одаларынын, «Гиперион» (1820) деген ал­легориялык поэманын ж-а «Ламия», «Изабел­ла» поэмаларынын автору.