КИТАРОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТАРОВА Гүлжан Сапаровна (20. 8. 1961-жылы туулган, Казак ССРи, Ак-Төбө облусу, Журун айылы) – ме­дицина илимдеринин доктору (2006). Ташкент шаарында­гы Орто Азия педиатрия медицина институтун (1984), СССР медицина ИАнын педиатрия ИИИде ординату­раны (1990) бүтүргөн. Кыргызстан медициналык экология ж-а алдын алуу ИИИде жетектөөчү илимий кызматкер, аллергология бөлүмүнүн башчысы (1992–96), Кыргызстан акушерлик ж-а педиатрия ИИИде улук илимий кызматкер, консультациялык поликлини­канын башчысы (1998–2001), башкы врачы (2001–04), Бишкек ден соолукту чыңдоо борбо­рунун директору (2004), КР саламаттык сактоо министрлигинин педиатрия боюнча башкы адиси (2005–08). 2008-жылдан республикалык саламаттык сак­тоону өнүктүрүү ж-а маалыматтар технология­лар борборунун директору. Педиатрия, аллер­гология ж-а иммунология боюнча адис. 44төн ашык илимий эмгеги, анын ичинде монография, методикалык көр­сөтмөлөрү бар. Саламаттык сактоонун отлич­ниги.

Эмг.: Изолированные и сочетанные аллергические заболевание у детей. Б., 2006.