КИТАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:54, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТА́ЕВ Михаил Исаакович (1926-жылы туулган, Украи­на, Луганск облусу, Комуннар шаары) – медицина илимдеринин доктору (1967), профессор (1968). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1990). КММИни (1948), ошол эле институттун аспирантурасын (1951) бүтүргөн. Кыргызстан туберкулёз ИИИде (1951–65), Кыргыз ССР ИАнын бийик тоо физиологиясы ж-а эксперименттик патология ИИИде (1965–75) ж-а Кыргыз кардиология ИИИде лаборатория баш­чысы болуп иштеген (1975–95). Иммунология ж-а патологиялык физиология боюнча адис. 50дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 12 монография, 1 окуу китеби, 6 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Иммунология силикоза и силикотуберкулёза.
Ф., 1968; Муколитическая система крови при тубер­кулёзе (в соавторстве). Ф., 1973; Иммунноаллерги­ческие реакции лейкоцитов при туберкулёзе. Ф., 1978; Иммунный гомеостаз в экстремальных при­родных условиях (в соавторстве). Ф., 1985.