БЕЛОВОДСКОЕ КОЗГОЛОҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 6 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛОВОДСКОЕ КОЗГОЛОҢУ – Совет бийлигинин алгачкы жылдарында большевиктердин экономикалык саясатына каршы уюшулган козголоң. Козголоңдун чыгышына большевиктер жана солчул социал-революционер (баш тамгалалары боюнча эсерлер) партияларынын ортосундагы бийлик үчүн саясий тирешүү негиз болгон. Акыры ал куралдуу кагылышууга айланып, 1918-жылдын июль айында РСФСРдин борбору Москва шаарында башталган козголоңдо солчул социал-революционерлер жеңилүүгө учураган. Жетекчилери камакка алынып, солчул эсерлердин партиясына тыюу салынган. Бул окуядан кийин жалпы Түркстан крайы, анын ичинде Жети-Сууда эсерлер уюмуна тиешеси барлар куугунтуктоого алынган. Мисалы, 1918-жылы 19-ноябрда Пишпек округунун аткаруу комитети солчул эсерлер уюмун таратуу чечимин жарыялап, натыйжада алардын катарындагыларды кызматтан алуу башталган. Ошол эле учурда большевиктер тарабынан эркин соодага тыюу салуу, азык-түлүк салыгы, дан жыйноо, Жети-Суу фронту үчүн унаа (ат, төө) чогултуу ж.б. сыяктуу чаралар күчөгөн. Ал эми козголоңдун чыгышына атайын отряддын Беловодское айлынан туруктуу орун алып, күчкө салуу менен 1918-жылы жаз айынан баштап он эки миң пуд дан чогултушу түрткү болгон. Большевиктердин мындай саясатына нааразы болгон айылдын оокаттуу дыйкандары бийликке каршы жер-жерлерде жыйындарды өткөрө башташкан. Пишпек жана Олуя-Ата уездерине караштуу айыл-кыштактардан келген атайын өкүлдөр катышкан ошондой жыйындын бири 1918-жылы 7-декабрда Беловодское айылында өткөн. Ал жыйынга эсерлер партиясынын мүчөлөрү Н. Волков (Пишпек шаары) жана А. Ерофеев (Олуя-Ата уезди) ж.б. катышып, алардын демилгеси менен «Элдик-аскер кеңеши» (кийин ал «Убактылуу өкмөт» болуп өзгөртүлгөн) түзүлгөн, ошондой эле алдыда аткарыла турган иш-аракеттердин аатйын программасы жарыяланган. Программанын негизин большевиктик диктатураны кулатуу, азык-түлүк салыгын жокко чыгаруу, эркин соодага карата жасалган тоскоолдуктарды жоюу, граждандык согуштун муктаждыктары үчүн салык жыйнап, мал-мүлктү конфискациялоону токтотуу сыяктуу талаптар түзгөн. Жыйын аяктары менен Беловодское айлынын милициясын жана Пишпектен жиберилген Кызыл Армиянын отрядын куралсыздандыруу башталып, натыйжада В. П. Мортиков (Беловодское бөлүмүнүн тергөө комиссиясынын төрагасы), С. М. Карпов (элдик сот) ж.б. сыяктуу бир нече большевик каза болгон.