КИРКУК
КИРКУ́К – Ирактагы шаар. Таамим мухафазасынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 1,1 млн (2023). Чоңдугу ж-а калкынын саны боюнча Ирактагы эң ири шаарлардын бири. Автомобиль жол тоому. Темир жол бекети. Аэропорту бар. Нефть ажыратуу, химия өнөр жай ишканалары иштейт. Шаарга жакын жерден нефть казылып алынат.