АҢГЕМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АҢГЕМЕ – эпикалык текке кирүүчү, кара сөз түрүндөгү чакан чыгарма. Аңгеменин каармандары аз, окуясы жөнөкөй болот. Бирок, Аңгеме көлөмдүү, татаал сюжеттүү, көп каармандуу да болушу мүмкүн. Орус адабиятында Аңгеме жанрынын өнүгүшү А. С. Пушкин, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов, М. Горькийдин аты менен байланыштуу. Кыргыз адабиятында Аңгеме жанр катары 1920-жылы жаралып, 1930-1940-жылдары калыптанган. К. Баялиновдун «Мурат», Ж. Турусбековдун «Бир болгон иш», М. Элебаевдин «Бороондуу күнү», А. Токомбаевдин «Күүнүн сыры» деген аңгемелери белгилүү. Ч. Айтматов, К. Каимов, М. Гапаров, М. Байжиев, Ж.Мавлянов, А. Саспаев, К. Жусубалиев, О. Айтымбетов Аңгеменин кыргыз прозасынын активдүү жанрына айланышына зор салым кошушкан.