КИРГИЗГИЧ КАЛЕМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРГИЗГИЧ КАЛЕМ и н ф о р м а т и к а д а (англ. pen input – киргизүү калеми) – компью­терде калемдин жылышын аныктаган атайын программалык жабдуу. Компьютер киргизгич калем тий­ген чекиттин координатын ж-а экрандын ка­раңгылаган ордун аныктайт. Кол жазма ата­йын программалык жабдык м-н компьютер түшүнгөн текстке которулат. Киргизгич калемди объекти­ни (сөлөкөт) башкаруучу түзүлүш катары кол­донуу ыңгайлуу. Киргизгич калем «чычканга» окшоп иш­тейт, киргизгич калем м-н экран бети бир же эки ирет ба­сылат. Жесттер (жука болот барак) киргизгич калем м-н атайын символ түрүндө түзүлөт ж-а тиешелүү буйруктарды билгизет. Берилишти киргизгич калем м-н киргизүү көбөйүүдө, өзгөчө даяр формаларды толтуруу маселелери, ошондой эле жумуш орундары­нан же кеңсеси алыста көп убакыт кыймылда жүргөн кызматчылардын суроо-талабы сыяктуу иште колдонулат.