КИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:12, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИР II Улуу (б. з. ч. 600–530) – перс падышасы (б. з. ч. 558–530). Ахемениддер мамлекетинин негиздөөчүсү. Б. з. ч. 550–549-жылдарда Мидия пады­шалыгын, б. з. ч. 54-жылы Лидия м-н Кичи Азияда­гы грек шаарларын, б. з. ч. 545–539-жылдарда Орто Азия­нын көп бөлүгүн, б. з. ч. 539-жылы Месопотамия ж-а Вавилонду багындырган. Б. з. ч. 530-жылы Сыр- Дарыянын боюн мекендеген сак (массагет) уруу­лары м-н согушта курман болгон. Грек тарых­чыларынын маалыматтарында анын башын массагеттердин аял падышасы Томирис кесип алганы тууралуу айтылат.

Ад.: Дандамаев М. А. Политическая история Ахе­менидской державы. М., 1985.