АЯЛДАР БИРИКМЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЯЛДАР БИРИКМЕСИ‒ алгачкы коомдо бир нече общинадагы аялдарды бириктирген социалдык институт. Ал алгачкы коом ыдырап бара жаткан мезгилде эркектер бирикмесинин пайда болушуна каршы жооп иретинде уюшулса керек. Негизинен Батыш Африка жана Меланезия жакка тарап, аялдардын жашыруун бирикмелеринин уюшулушуна өбөлгө түзгөн. Аялдар бирикмесинде өзүлөрүнүн ырым-жырымдарын аткарышкан, жыйналышып майрамдарды өткөрүшкөн. Анын мүчөлөрү жаш курагына карата бөлүнүшкөн. Аялдар бирикмесинин калдыктары Евразиянын айрым элдеринен учураган.

                                                                                                                                                             А. Жапаров.