АЭРОСЪЁМКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОСЪЁМКА, а э р о ф о т о с ъ ё м к а ‒ учуучу аппараттардан жер бетин сүрөткө түшүрүү (оптикалык спектрдин бардык диапазонунда). Пландуу жана перспективдүү, ошондой эле фотографиялык, телевизордук, жылуулук, радиолокациялык жана чөлкөмдүү Аэросъёмкаларга бөлүнөт. Аэросъёмканын материалдары ‒ аэросүрөттөр, фотосхемалар, фотопландар геодезиялык, геологиялык жана инженердик изилдөөлөрдө колдонулат.