АЭРОПОРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОПО́РТ, а б а д а р б а з а с ы ‒ жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү аба транспорту менен жеткирүүнү уюштуруучу имараттар, курулмалар (аэродром менен бирге), жабдыктар тутуму. Жабдылышына жана самолётту кабыл алуу, төйлөөсүнө жараша Аэропорт жергиликтүү жана эл аралык болуп бөлүнөт. Аэропорт радиолокациялык, автоматтык, радиотехникалык аспаптар жана навигациялык түзүлмөлөр, метеорологиялык жабдуулар менен камсыздалып, жүздөгөн га аянтты ээлейт. Аэропорттун карамагында аэровокзал , почта, жүк кабыл алуучу, жөнөтүүчү бөлмөлөр, мейманкана жана тескөөр (Бишкек «Манас» аэропорту, диспетчер) пункту, ангар, материалдык-техникалык мүлк кампасы жана башкалар болот, кара. Аэродром, «Манас» аэропорту.