КИПАРИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИПАРИ́С – (Cupressus) – кипаристер тукуму­нун дайыма жашыл бадал же дарактар уруусу. Жалбырагы майда, түрпүдөй, өркүнгө жабышып өсөт, чайырлуу бездери бар, жашыл же көгүш түстө. Тобурчагы тоголок, жыгачтуу, көп кыр­луу калкан сымал түрпүлөрү бышканда бир аз ачылат. Уругу жалпак, канатчалуу. Кипарис кооз бак катары аллея жана токойлорго отургузулат. Ай-

рыкча пирамида сымал түрчөсү көп

өстүрүлөт. Уругу жана калемчеси, кыйыштыруу ме­нен көбөйөт. Кипаристин 15–20дай түрү бел­гилүү. Евразия, Түндүк Африка жана Түндүк Американын мелүүн, жылуу ал­кактарында кезде­шет. КМШ өлкө­лөрүндө 11 түрү, Крымда, Кавказ­дын кара деңиз жээктеринде , Орто Азиянын айрым райондорунда өсөт, дайым жашыл. Кипарис бат өсөт, кургакчылыкка байым­дуу. Анын бийиктиги 30 мге, жоондугу 60 смге жетип, 200 жылга чейин өсөт (Крымда 100 жылга че­йин). Жыгачы жеңил, жумшак, буюм жасоодо пайдаланылат.