КИНОСТУДИЯ
КИНОСТУ́ДИЯ – кино тасма чыгаруучу мекеме. Киностудияда сценарий даярдоодон тартылган тасманы бир нече нускага көбөйткөнгө чейинки иш процесси аткарылат. Көркөм, даректүү, илимий-популярдуу, окуу тасмаларын жанаа мультипликациялык кино картиналарды чыгаруучу киностудиялар бар. Киностудиядагы кино тартуучу топ негизги өндүрүштүк бирдик болуп саналат. Сценарий бөлүмү авторлорго сценарий заказ берип, жазылган сценарийди редакциялайт, андан соң адистер актёрлорду тандоо, павильондун жасалгаларын даярдоо өңдүү иштерди бүтүрөт. Даректүү тасмалардын киностудиясы тасманын өзгөчөлүгүнө жараша тартуу иштерин жүзөгө ашырат. Мультфильмдер мультипликациялык станоктордо атайын аппараттар менен бир жана көп пландуу болуп тартылат. Белгилүү киностудиялар: «Юнайтед артистс», «Жыйырманчы кылым – Фокс», «Коламбиа пикчерс», «Парамаунт» (бардыгы Америка Кошмо Штаттарында), «Чинечитта» (Италия), «Мосфильм», «Ленфильм» (экөө тең Россияда), ошондой эле к. «Кыргызфильм».