КИНОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОЛО́ГИЯ (грекче kyjn, илик жөндөмөдө kynjs – ит жана ...логия) – ит жөнүндөгү илим. Иттин анатомиясын, физиологиясын, тегин, порода­сын, итти багуу, үйрөтүү, эл чарбасында пайда­ланууну иликтейт. Кинология XIX кылымдын 2-жарымында илим катары калыптанган. Грекия, Римде итти багуу, үйрөтүү жөнүндөгү эмгектер биздин заманга чейин эле бел­гилүү болгон. Азыркы кинология иттин негизги 3 ти­бинин (ишчил, аңчы жана эрмектик иттердин) көптөгөн породаларын изилдейт.

Ад.: Пуньетти Д. Собаки: Энциклопедия. М., 1998.