КИНОГО ТАРТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОГО ТАРТУУ – кино тасмада тартылуучу объектинин кыймылынын ар түрдүү фазадагы сүрөттөлүшү бар бир катар ырааттуу кадрларды алуу; тасманы жаратуунун негизги этаптары­нын бири. Адатта киного тартуу 24 кадр/сек жыштыкта ишке ашырылат; аз жыштыктуусу киного жай тартуу, көп жыштыктуусу тездетилген, ыл­дамдатылган жана өтө ылдамдатылган киного тартуу деп аталат.