КИНЕТИКА
КИНЕ́ТИКА (гр. kineticjs – кыймылга келтирүү) – механиканын нерсенин механикалык абалын физикалык себептер м-н байланышта изилдөөчү негизги бөлүмү. Кинетика динамика ж-а статика болуп бөлүнөт. Динамика күчтүн таасири астында нерсенин кыймылга келүүсү, ал эми статика – күчтүн таасири астында нерсенин тең салмактуулук абалы жөнүндөгү илим.