«А» тамгасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Mariya (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«А» – 1) Кыргыз алфавитиндеги биринчи тамга. Латын алфавитинде, Кирилл графикасында колдонулат. Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) Кыргыз тилинде кең, жоон, ачык, кыска, созулма (А тамгасынын эки ирет жазылышы аркылуу туюнтулат) үндүү тыбышты билдирет; 3) Байыркы кыргыз (түрк) жазмасында - Г сөлөкөтүндө жазылган. Сүйлөм тутумунда байламта катары да колдонулат; 4) Чет тилдерден кирген сөздөрдүн башында кыргызча «сыз» мүчөсүндөй терс маанини туюндурат (мис., алогикалык - логикасыз; асимметрия - симметриясыз); 5) Иретти туюнтууда «биринчи» деген маанини билдирет.

Жазуунун түрү Белгиси Мезгили
Орхон-Енисей жазуусу 𐰁 V - Х-к.
Араб алфавити آ XVIII к - 1927-ж.
Латын алфавити А а 1927 - 1941-ж.
Орус (кириллица) алфавити А а 1941-жылдан