КИММЕРИЙЛЕР
КИММЕРИЙЛЕР – б. з. ч. 8–7-кылымдарда кыязы Чыгыш Европанын талааларын жердеген көчмөн эл. Аккаддык, антикалык ж-а Библия булактары боюнча алар б. з. ч. 8–7-кылымдарда Чыгыш Европа өрөөндөрүн жердеген. Алгач киммерийлер жөнүндө ассирия булактарында эскерилет. 715–714-жылдарда Ассирия падышасы Саргон IIнин Урарту падышасы – Рус Iнин жеңишине байланышту эскерилет. Асархадондун мезгилинде киммерийлердин 2 тобу белгилүү: биринчи топ Ассириянын чыгыш тарабында (Маннеде), экинчиси батыш тарабында (Кичи Азияда) жайгашкан. 679-жылы Асархаддон Каппадокияда киммерийлер падышасы Теушпуну талкалаган. Лигдамис (акад тилинде Дугдамми) падышанын учурунда 675-жылы К. Фригияны, 644-жылы Лидияны басып алышкан. 641-жылы Лигдамис өлгөндөн кийин бийлик анын уулу Сандакшатруга өткөн. 620-жылдары Анатолияда скифтердин падышасы Мадий, 7-кылымдын аягында Лидия падышасы Алиатт киммерийлерди талкалаган. Антикалык адабияттарда киммерийлер жөнүндө алгач Гомердин «Одиссеясында» (XI,14) кездешет. Киммерийлерге таандык археологиялык эстеликтерге Түркиянын Норшун-Тепе, Имирлере, Богазкёй, Сард, Гордиона ж. б. шаарларынын аймагындагы байыркы скиф дооруна тиешелүү табылгалар кирет. Буга жараша Чыгыш Европада да киммерийлердин археологиялык эстеликтери скиф эстеликтеринен айырмаланбайт. Киммерийлер м-н скифтердин маданияттары бири-бирине жакын болгондуктан, окумуштуулар киммерийлер тили иран тилдер тобуна кирет деп божомолдошот.
Ад.: Алексеев А. Ю., Качалова Н. К., Тохтасьев С. Р. Киммерийцы: этнокультурная принадлежность. СПб., 1993; Иванчик А. И. Киммерийцы. Древневосточные
цивилизации и степные кочевники в VIII–VII вв. до н. э. М., 1996; он же. Накануне колонизации. Северное Причерноморье и степные кочевники VIII–VII вв. до н. э. в античной литературной традиции: фольклор, литература и история. М.; Берлин, 2005.