КИММЕРИЙ БҮКТӨЛҮҮСҮ
КИММЕРИ́Й БҮКТӨЛҮҮСҮ – жер кыртышынын мезозой заманындагы бүктөлүү, тоо пайда болуу м-н жүргөн тектоникалык кыймылы. Магматизм процессинен гранитоид интрузиясы жаралып, чөкмө тектердин калың катмарлары бүктөлүүгө учураган. Бүктөлүү 2 фазада жүргөн, 1-фаза триас мезгилинин акырында башталып, юра мезгилинин башталышына чейин созулган (Крым, Таймыр, Түндүк Афганстан, Азиянын түштүк-чыгышы, Африканын түштүк тарабы). Бул кыймыл байыркы киммерий бүктөлүүсү деп аталган. 2-фаза жаңы киммерий деп аталып, юра мезгилинин акырынан бор мезгилинин башталышына чейин аракетке келген. Мында Верхоян-Чукот аймагы, Батыш Кордильер, Анд, Памир, Кара-Корум, Борбордук Иран, Кавказ ж. б. тоолор бийик көтөрүлгөн.