БАЗАРОВ Ыймаш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:03, 15 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРОВ Ыймаш [1917, Ысык-Көл облусу, Тоӊ району, Кольцовка (азыркы Бөкөмбаев) кыштагы ‒ 1977-ж. ошол эле жерде] ‒ кой ферма башчысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958), 1934-жылдан Тоӊ районундагы Ленин атындагы колхоздо колхозчу, кой ферма башчысы.

Файл:БАЗАРОВ116.png

Ал жетектеген ферма кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1957-жылы 15700 ириктин ар биринен 3,191 кг жүн кыркып алган. Мамлекетке тапшырылган 2200 ириктин ар биринин тирүүлөй орточо салмагы 67 кгга жеткен. 1958-жылы 17559 ириктин ар биринен 3,420 кг жүн кыркылган. Ленин ордени менен сыйланган.