БАЗАРОВ Ыймаш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРОВ Ыймаш [1917, Ысык-Көл обл., Тоӊ р-ну, Кольцовка (азыркы Бөкөмбаев) кыш. ‒ 1977-ж. ошол эле жерде] ‒ кой ферма башчысы, Соц. Эмг. Баатыры (1958), 1934-жылдан Тоӊ р-нундагы Ленин атн. колхоздо колхозчу, кой ферма башчысы.

Файл:БАЗАРОВ116.png
Ал жетектеген ферма кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1957-ж. 15700 ириктин ар биринен 3,191 кг жүн кыркып алган. Мамлекетке тапшырылган 2200 ириктин ар биринин тирүүлөй орт. салм. 67 кгга жеткен. 1958-ж. 17559 ириктин ар биринен 3,420 кг жүн кыркылган. Ленин ордени м-н сыйланган.