БАЗАРОВ Геннадий Садырович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Геннадий Садырович (14. 5. 1942-ж. т., Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Ат-Башы айылы) ‒ кинорежиссёр, сценарист, КРнын эл арт. (1991), КРнын иск-вого эмг. сиӊ. ишмери (1974). 1966-ж. Москвадагы Бүткүл союздук мамл. кинематография ин-тун бүткөн. Эмгек жолун 1959-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1967-ж. «Саманчы жолу» фильмин дипломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (Х. Булатов, Дегаль

Файл:БАЗАРОВ 1115.png

цев, А. Шаршенова, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи» (Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дядюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жантөшевдин романы б-ча), «Айыӊ» (1989), «Аномалия» (1991), «Карагыз» (2005) ж. б. көркөм фильмдерди жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Искусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыӊгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новеллаларды, даректүү фильмдерди ж. б. тарткан. Мад-т жана иск-вонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова ж. б. ж-дө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыркы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясында иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барат. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.