БАЗАРЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРЛЫК ‒ базарга барган адам өзү сыйлаган адамына белек катары сатып келген буюм. Мурда кыргыздар шаарга жакын болбогондуктан айда, жылда 1‒2 жолу гана базарга барган. Базарга барып келүүгө кудурети жоктор барчуларды кулактап, мал, акча беришип, керектүүлөрүн ала келүүнү өтүнгөн. Базарга баруу оӊой-олтоӊ иш болбой, ага аттуу, малдуу, сооданы билген тыӊ кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен Базарлык алып келүү салты пайда болгон.

                                                                                                                                                       И. Молдобаев.