БАЗАРЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:16, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ базарга барган адам өзү сыйлаган адамына белек катары сатып келген буюм. Мурда кыргыздар шаарга жакын болбогондук тан айда, жылда 1‒2 жолу гана базарга барган. Базарга барып келүүгө кудурети жоктор барчуларды кулактап, мал, акча беришип, керектүү лөрүн ала келүүнү өтүнгөн. Базарга баруу оӊой-олтоӊ иш болбой, ага аттуу, малдуу, сооданы билген тыӊ кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен Б. алып келүү салты пайда болгон. И. Молдобаев.