БАЗАРБАЕВА Айша

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:06, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРБАЕВА Айша (1950-жылы туулган, Кемин району, Тегирменти айылы) – комузчу, темир ооз комузчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2023), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти(1994).

Файл:Базарбаева.jpg
Файл:Бульварым.jpg

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Айша Базарбаева алтымышынчы жылдардын этегинде «Бульварым» аттуу ырды аткарып, кыргыз элине таанымал болгон.

·        1968-жылы Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүн бүтүргөн.

·        1966-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде комуз черткен.

с

·        Кезинде темир комузчулар ансамблин жетектеген, обончулардын, кыргыз, орус композиторлорунун ырларын аткарган.

·        Ч. Кожомжаров уюштурган алгачкы кыргыз эстрада ансамблинде ырдаган.

Белгилүү обончу С. Жумалиевдин «Дзержинский гүлбагым», В. Шаинскийдин «Мени менен бирге бол» жана башка лирикалык ырларды аткарган.

·        К. Орозов атындагы академиялык эл аспапгар оркестри менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги өлкөлөрүндө, Монголияда, Швейцарияда, Мозамбикте, Лаосто, Эфиопияда, Францияда, Исландияда, Пакистанда, Кореяда гастролдо болгон.

·        1970-ж.ылы «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, 1987-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.