БАЗАР-ТУРУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:28, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАР-ТУРУК ‒ Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жаӊы-Арык айыл округуна караштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 2470 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 135 км. Калкы 1477 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.