БАДЫРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:24, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДЫРАК‒ буудай, буурчак, жүгөрү, арпа, нокоттун барсайтып, жарылта куурулган даны. Аталган дандардан Б. даярдоодо ар бирине өзүнчө ыкма колдонулуп, казанга атайын куургуч менен кууруйт. Жүгөрү Б-ты таза, ирирээк кумга аралаштырып кууруса, күйбөй, көлөмү чоӊоюп, ак баржак болуп жарылат. Буудай менен арпа Б-ты өзүн эле кууруйт (арпаны сокуга күйшөп, кабыгынан ажыратып, түктөп алат). Буурчак менен нокотту адегенде сууга көптүрөт. Кууруган учурда куургуч гана баткандай казандын оозун калкалап, куурубаса дан тарсылдап сыртка ыргыйт. Б-ты көбүнчө балдарга кууруп беришкен. Азыр жүгөрүнү атайы аппаратта куурулуп, поп-корн деп аталат. Б. жасашат.
И. Молдобаев.