БАДЕН МЕКТЕБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:56, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДЕН МЕКТЕБИ ‒ 20-кылымдын башындагы неокантчылыктын субъективдүү-идеалисттик багыттарынын бири. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү ‒ Германиянын Баден жериндеги университеттеринин профессорлору В. Виндельбанд жана Г. Риккерт. Булар И. Кантты «оӊ» жагынан сынга алып, анын илиминен материалисттик элементтерин чыгарып таштап, априоризмди өрчүтүшкөн. Баден мектеби илимдерди предметтер боюнча эмес, сынга алуу методуна карап классификациялайт. Ал тарыхый методду табият таануу методуна карама-каршы коюп, коом таануу өнүгүүнүн индивидуалдык фактылары, ал эми табият таануу болсо жаратылыштын көрүнүштөрүнүн кайталанып турушу жана жалпы мыйзам жөнүндөгү илим деп карайт.
Ж. К. Асанов.