БАДЕН МЕКТЕБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДЕН МЕКТЕБИ ‒ 20-к-дын башындагы неокантчылыктын субъективдүү-идеалисттик багыттарынын бири. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү ‒ Германиянын Баден жериндеги ун-ттеринин профессорлору В. Виндельбанд ж-а Г. Риккерт. Булар И. Кантты «оӊ» жагынан сынга алып, анын илиминен матер. элементтерин чыгарып таштап, априоризмди өрчүтүшкөн. Б. м. илимдерди предметтер б-ча эмес, сынга алуу методуна карап классификациялайт. Ал тарыхый методду табият таануу методуна карама-каршы коюп, коом таануу өнүгүүнүн индивидуалдык фактылары, ал эми табият таануу болсо жаратылыштын көрүнүштөрүнүн кайталанып турушу ж-а жалпы мыйзам ж-дөгү илим деп карайт.
Ж. К. Асанов.