БАДАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДАН (Вergenia) ‒ өсүмдүктөрдүн таш жаргычтар тукумунун уруусу. Сабагы кыска, тамыры жоон, көп жылдык өсүмдүк. Түбүнөн жалбырактайт, жалбырагы чоӊ, кабыктуу, гүлү кызыл же ак. 10 түрү бар, көбүнчө Борбо. жана Чыгыш Азияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 4 түрү өсөт. Чыгыш Сибирь, Түн. Монголияда калыӊ жалбырактуу Б. коюу чыгат. Эзелтен бери кооздук үчүн өстүрүлөт. Дары-дармек жана тех. (боёк) өсүмдүк катары да мааниси чоӊ. Андан танин, арбутин ж. б. алынат.